Эзоп
Эзоп - б. з. ч. 6-кылымда жашаган байыркы грек тамсилчиси.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a7/Vel%C3%A1zquez_-_Esopo_%28Museo_del_Prado%2C_1639-41%29.jpg/220px-Vel%C3%A1zquez_-_Esopo_%28Museo_del_Prado%2C_1639-41%29.jpg)
Легендалар боюнча Эзоп күнөөсүз жерден аскадан ыргытылган, чолок кулдун кейпин кийген элдик акылман. Лидия падышасы Крезанын эшигинде кызмат кылган. Антикалык тамсилдердин дээрлик баарынын сюжети Эзопко ыйгарылган. Анын кол жазма түрүндө З00дөй тамсили сакталып калган. Кейипкерлер көбүнчө - айбанаттар. Эзоп аларды, жөнөкөй тил менен тике жана кыска сүйлөтөт (к. Эзоп тили). Эзоптун сюжеттери көп европалык адабияттардын тамсилдерине негиз болгон. Федр менен Бабрийден тартып Ж. Лафонтен менен И. А. Крыловго чейинки тамсилчилер иштеп чыккан тамсилдердин сюжеттери Эзоптуку деп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган