Чернигов облусу

Украинанын түндүгүндө облусу

Чернигов облусу (укр. Чернігівська область) — Украинанын түндүгүндөгү облус. Батышта Киев облусу, чыгышында Сумы облусу, түштүгүндө Украинанын Полтава облустары, түндүгүндө Беларустун Гомель облусу жана Орусия Федерациясынын Брянск облусу менен чектешет.

Чернигов облусу
Өлкө

Украина

Административдик борбор

Чернигов

Расмий тили

украинче

Калкы

957 665[1]

Жыштыгы

31,5 адам/км²

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • Бийик чекити



 223 м

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

UA-74

Телефон коду

+380 46

Интернет-домени

chernigov.ua; cn.ua

Расмий сайты

Административдик борбору жана ири шаары — Чернигов, башка ири шаарлары Нежин, Прилуки, Бахмач, Носовка, Новгород-Северский.

1932-ж. 15-октябрында уюшулган.

Калкы

2020-жылдын 1-январына карата облустун калкынын иш жүзүндөгү саны 991 294 адамды түзөт, анын ичинен шаар калкы 649 063 адам же 65,5%, айыл калкы 326 817 адам же 34,5%[2].

Облустун калкынын иш жүзүндөгү саны 2015-жылдын 1-февралына карата 1 054 626 адамды түздү, анын ичинен шаар калкы – 678 603 адамды (64,35%), айыл калкы – 376 023 адамды (35,65%) түздү. Туруктуу калк - 1 046 084 адам, анын ичинде шаар калкы - 668 369 адам (63,89%), айылдыктар - 377 715 адам (36,11%). Облустун борборунун калкынын саны 294 614 адамды (облустун калкынын 27,94%) түздү.[3]

Урбанизациянын деңгээли (2007-жылга): шаар калкы - 690,5 миң - 60,4%, айыл калкы - 452,9 миң - 39,6%.

Урбанизациянын деңгээли (2001-жылга): шаар калкы - 727,2 миң адам. - 58,4%, айыл калкы - 518,1 миң адам. - 41,6%.

Ырасмый маалыматтар боюнча улуттук курамы (2001-ж.): украиндер 93,5%, орустар 5,0%, белорустар 0,6%, башкалар 0,9%.

Эл каттоого ылайык, азыркы чектерде, миңдеген адамдар:
189719141926193919591970
1 2751 7341 9151 6221 5731 560
197919892001201020142019
1 5061 4161 2451 1101 067991

Административдик-аймактык түзүлүшү

Чернигов
Чернигов району
Корюковка
району
Нежин
району
Новгород-
Северский
району
Прилуки
району
Чернигов облусунун райондору 2020-жылдын 17-июлунан тартып

Чернигов облусунун административдик борбору — Чернигов шаары.

Райондору

2020-жылдын 17-июлунда облустун жаңы 5 районго бөлүнүшү кабыл алынган[4][5]:

РайонуКалкы

(миң адам)

Аянты[6]

(км²)

Акимий борбору
1Корюковка району91,74 600,9Корюковка ш.
2Нежин району228,77 219,0Нежин ш.
3Новгород-Северский району66,44 630,4Новгород-Северский ш.
4Прилуки району158,25 210,8Прилуки ш.
5Чернигов району460,910 203,9Чернигов ш.

Райондор өз кезегинде шаардык, поселкалык жана айылдык бириккен аймактык жамааттарга бөлүнөт (укр. об'єднана територіальна громада).

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.