Хлориттер
Хлориттер - тоо тек пайда кылуучу минералдардын слюда сымалдар тобу.
Катмарлуу силикаттар классчасына кирет. Курамында жегичтер менен Са болбойт. Бүртүкчөлүү, кабырчыктуу масса түрүндө. Өңү күрөң-жашыл, айрымдарыныкы ак, сары, кызгылтым жана кара. Катуулугу 2-3, тыгыздыгы 2,7-3,2 г/см3. Хлориттертин жука катмарчасы ийкемдүү, бирок серпилгичтик касиетке ээ эмес. Жаратылышта кеңири таралган.Негизинен гидротерм процессинен жана метаморфизмден пайда болот. Темирлүү Хлориттер (шамозит, тюрингит) темир кенташтарынын курамына кирет.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыКош бойлуулукБеш миң сомАк-Буура суусуБир сомКыргыз урууларыАтайын:SearchМухаммед пайгамбарЫсык-КөлАйлардын кыргызча аталышыКыргызстанБөйрөк оорусуИч өткөкВикипедияЭкинчи дүйнөлүк согушТөрөтЭмчектеги балаКыздыкОозул (стоматит)Анжелика КайратоваИч көбүү (метеоризм)Кыргыз тилинин жазуу эрежелериТүбингенИчтин катуу кармоочу оорусуЧүчөк (энтеробиоз)Ашыраалы АйталиевСарыбагышУстуканБаш ооруЧойбекова, АлматайМанасСаякАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичЖүрөктүн ишемия оорусуЖапонияСаруу (уруу)