Тонга

Тонга Королдугу

Тонга (англ. Tonga), расмий аталышы Тонга Падышачылыгы (тонга Puleʻanga Fakatuʻi ʻo Tonga, англ. Kingdom of Tonga) — Полинезиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Самоа, чыгышынан Ниуэнин аймактык суулары, батышынан Фижинин суулары менен чектешет. Жээк тилкесинин узундугу 419 км. Тонга архипелагынын 177 аралында жайгашкан. Жалпы аянты — 748 км². Калкынын саны — 108,603 адам (2024)[1]. Борбору — Нукуалофа шаары.

Тонга Королдугу
тонга Puleʻanga Fakatuʻi ʻo Tonga
англ. Kingdom of Tonga

Герб
ТууГерб
Урааны: «Ko e ʻOtua mo Tonga ko hoku tofiʻa
(Кудай жана Тонга — менин мурасым)»
Гимн: «Ko e fasi ʻo e tuʻi ʻo e ʻOtu Tonga»
«Тонга аралдарынын падышасынын ыры»
Эгемендүүлүк күнү4-июнь 1970-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тилитонга тили, англис тили
Борбор шаарыНукуалофа
Ири шаарларНукуалофа, Неиафу
Башкаруу формасыКонституциялык монархия
Король
Премьер-министр
Тупоу VI
Сиаоси Офакивахафолау Совалени
Мам. диниДинден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
172-орун - дүйнөдө
748 км²
4
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

108,603 адам (199-орун)
139 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

655 млн $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

493 млн $
4,888 $
АДӨИ  0,739 (жогору) (98-орун)
Этнохоронимтонгалык, тонгалыктар
Акча бирдигиПаанга (TOP, коду 776)
Домени.to
ISO кодуTO
ЭОК кодуTGA
Телефон коду+676
Убакыт аралыгыUTC +13:00

Тонга аралдарын 1616-жылы голландиялык Виллем Схаутен жана Якоб Лемер саякатчылары ачышкан. 1900-жылы архипелаг Британиянын алдындагы мамлекетке айланган. Бирок, Тонга өзүн-өзү башкаруунун бардык укуктарын сактап калган. Аралдын, Улуу Британиядан көз карандысыздыгы 1970-жылы жарыяланган. Тонга Бириккен Улуттар Уюмунун[2], Түштүк Тынч океан комиссиясынын жана Тынч океан аралдары форумунун мүчөсү.

Этимология

Полинезиянын көптөгөн тилдеринен которгондо Tonga cөзү «түштүк» дегенди маанини билдирет[3]. Архипелаг бул аталышты Полинезияны биринчи колониялаштыруу процесстери башталган Самоа аралдарынын түштүгүндө жайгашкандыктан алган деген божомолдор бар. Тонгалыктары өздөрү өлкөсүнүн атылышын «бакча» деп которушат[4][5].

Бул аралдарды, 1773-жылы англиялык саякатчы Жеймс Кук «Достук аралдары» (англ. Friendly Islands) деп атаган[3].

Тарыхы

Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсү

Географиялык абалы

Полинезияда жайгашкан Тонга мамлекети — Тынч океанынын түштүгүндө жайгашкан, жанар тоо жана кораллдардан турган аралдардын тобунан турат. Өлкөнүн борбору Нукуалофа шаары, Жаңы Зеландиянын эң чоң шаары болгон Оклендден түндүк-чыгышында 1770 чакырым алыстыкта жана Фижинин борбору Суванын түштүк-чыгышында 690 чакырым алыстыкта жайгашкан[6].

Тонганын жалпы аянты 748 км². Анын ичинен кургактыктар — 718 км², суу бети — 30 км²[7]. Өлкө 172 аралда жайгашкан, алардын 36 аралында гана эл жашайт (калк жашаган аралдардын аянты болжол менен 650 км²)[8]. Падышалыкты түзгөн эң ири арал топтору: Вавау аралдары, Тонгатапуаралдары жана Хаапай аралдары. Аянты жагынан орточо келген Ниуас аралдары — Ниуафоу, Тафахи жана Ниуатопутапу үч кичинекей аралдардан турат жана бул аралдар өлкөнүн эң түндүккү аралдары болуп саналат.

Тонга архипелагы түндүк-чыгыштан түштүк-чыгышка болжол менен 631 км, ал эми түштүк-чыгыштан түндүк-батышка болжол менен 209 км созулуп жатат[6].

Эң маанилүү аралдары болуп Тонгатапу (борбор шаары жайгашкан), Вавау, Ниуатопутапу, Ниуафоу, Тафахи, Хаапай жана Эуа аралдары саналат.

1033 метрге жеткен өлкөнүн эң бийик чекити Као аралында жайгашкан[7].

Тонга Падышалыгынын эң түндүккү аралы — Ниуафоу аралы, эң чыгышкы аралы — Тафахи аралы. Эң түштүккү жана ошол эле учурда эң батышкы аралы — Ата аралы.

1972-жылы 24-январда Тонга Падышалыгы түштүгүндө жайгашкан Минерва рифтерине өз дооматтарын коюп, ушул эле жылдын 15-июнда өз курамына кошуп алган (аннексия). Бул аннексиянын натыйжасында өлкөнүн аймактык сууларынын аянты кыйла кеңейген. Тонганын мындай кадамы Түштүк Тынч океан форуму тарабынан таанылган. Ошого карабастан, Минерва рифтери Фижи тарабынан азыркыга чейин талашууда.

Геология

2006-жылдын ноябрында жанар тоонун активдүүлүгүнөн жаңы түптөлгөн аралдын космостон тартылган сүрөтү.
Айрым Тонга аралдарынын жээктери абдан тик жана жарлуу.
Архипелагдагы көптөгөн аралдар коралл рифтери менен курчалган.

Тонга архипелагы Тынч океанынын жана Австралиянын литосфералык плиталарынын чек арасында, терең деңиз кобулунун батышында жайгашкан жана бири-бирине параллель жаткан суу астындагы эки кырка тоолордун чокуларында жайгашкан вулкандык, көтөрүлгөн кораллдык аралдарын жана рифтердин жыйындысы[9]. Эуа аралында табылган эң байыркы тоо тектеринин үлгүлөрү эоцен дооруна таандык. Бул аралдар көп жылдар бою суу астында болушкан. Тонга аралдарынын пайда болуушунун так убактысы белгисиз. Эуа сыяктуу байыркы аралдар болжол менен 5 миллион жыл мурун же андан аз убакыт мурун пайда болгон деген да окумуштуулардын божомолдору бар. Ошондой эле кээ бир аралдар кеч миоценде, атүгүл неогенде пайда болгон деп божомолдоого болот[10].

Жанар тоолук аралдарга Хаапай арарлдар тобундагы Ата, Хунга-Хаапай, Хунга-Тонга, Хао жана Тофуа аралдары кирет; Вавау арарлдар тобундагы Латте жана Фонуалей аралдары кирет жана Ниуас тобундагы эки аралы дагы жанар тоонун активдүүлүгүнөн пайда болушкан. Алар түштүктөн түштүк-чыгышка жана түндүк-батышка созулган жанар тоо тоо кыркаларында пайда болгон. Бул тоо кыркалардын аймагында жанар тоолордун атылышынын натыйжасында, азыркы учурда активдүү геологиялык процесстер байкалууда[9].

2015-жылдын январында Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай жанар тоосунун атылышынын натыйжасында жаңы жанар тоо аралын пайда болгон[11]. 2015-жылдын март айынын башына карата алынган маалыматтар боюнча, аралдын узундугу — 1,8 км, туурасы — 1,2 км түзгөн. Жаңы аралдын пайда болуу процессин геологдор, деңиз кызматтары жана жергиликтүү тургундар кемелерден, жеке кайыктардан жана космостон, спутниктердин жардамы менен байкап турушкан. Жаңы арал Хунга-Хаапай аралына кошулган[12].

Архипелагдын кээ бир аралдары, мисалы, Ниуас аралдары сыяктуу тосмо жана жээк рифтери менен курчалган. Вавау аралдар тобу негизинен бийик жанар тоолук аралдардан турат, ошондой эле рифтер менен курчалган. Хаапай тобундагы аралдардарда негизинен бийик жанар тоолук же жапыз акиташ тоо тектеринен турган аралдар кездешет. Тонгатапу жана Эуа аралдары акиташ тоо тектүү[9].

Тонгатапу аралына тегиз рельеф мүнөздүү, аралдары адырлар жана дөңсөлөр болжол менен 30 м бийиктикке жетет. Аралдын кораллдар турган негизин 3 м тереңдикке чейин жанар тоо күлү менен капталган[13].

Акыркы эки жүз жылдын ичинде аралдарда 35тен ашык жанар тоо атылышы катталган[14]. Бийиктиги 515 метр болгон Тонгадагы ири жанар тоолордун бири Тофуа аралында жайгашкан, ал суу астындагы стратовулканын чокусу болуп саналат. Жанар тоонун кальдирасынын туурасы 5 км, ошондой эле кальдирада тузсуз көл орун алган[15]. Акыркы катталган жанар тоо атылуусу 1960-жылы болгон. Өлкөнүн эң бийик жанар тоосу Хао аралында жайгашкан, ал деңиз деңгээлинен 1030 метр бийиктикке чейин жетет[16]. Башка ири жанар тоолор Фонуалеи, Лате, Ниуафооу аралдарында кездешет. аймактагы жанар тоолук активдүүлүктүн уланышы көбүнчө кичинекей эфемердик аралдардын пайда болушу менен коштолот. Мисалы, 2006-жылы жанар тоо атылгандан кийин кичинекей арал жана Метис рифи пайда болгон. 1995-жылы жанар тоо атылгандан кийин диаметри 280 метр жана бийиктиги 43 метр болгон арал пайда болгон[17].

Тонга аралдарында ири минералдык жана тоо кендери жок. Кум жана акиташ теги аз көлөмдө казылып алынат[18]. Бирок 2008-жылы өлкөнүн аймактык сууларынан цинк, жез, күмүш жана алтындын ири кендери табылган[19].

Климат

Тонганын климаты ысык, тропикалык жана түштүк-чыгыштан соккон пассаттардын таасири астында.

Топурак

Тонга аралдарындагы топурактардын көбү негизинен жанар тоо тектеринен туруп, түшүмдүү келет. Курамында коралл жана башка тектердин бөлүктөрүн камтыйт[18]. Бул топурактар эң жагымдуу физикалык касиеттерге ээ: алар майда, жакшы структураланган, сууну сиңирүүсү жакшы. Топурактын түрлөрү кычкылдан щелочтукка чейин, курамында кальций менен магнийдин көрсөткүчтөрү жогору, катион алмашуу сыйымдуулугу жогору жана негиздер менен каныккан.

Тонга аралынын топурактары түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, эгин өстүрүүгө да, жайыттарды уюштурууга да ылайыктуу. Айрым жээк аймактарындагы топурактар туздуу (шор) келет[13].

Суу ресурстары (гидрология)

Вавау аралдарындагы лагуна

Арарлдарда таза суунун чектелген гана туруктуу булактары бар. Суу топуракта көпкө сакталбагандыктан жана бат эле жерге сиңип кетишинен, жашоочулар негизинен чатырдан бетон цистерналарга топтолгон жамгыр суусун же кичинекей кудуктардагы сууну колдонушат. Жер астындагы суу катмарлары, кичинекей көлдөр жана сайлар жанар тоолук аралдарда жайгашкан[18].

Көлдөрдү Вавау, Ниуафооу, Номука аралдарынанан, ал эми кичинекей дарыяларды Эуа жана Ниуатопутапу аралдарынын кездештирсе болот[20].

Флора жана фауна

Нымдуу тропикалык климаттын аркасында көптөгөн Тонга аралдары жыш өсүмдүктөр менен капталган (Эуа аралынын сүрөтү)

Тонга коралл аралдарынынын бетин калофилл өсүмдүктөрү басымдуулук кылган тропикалык токойлору ээлейт. Токойлорунун кыйла бөлүгү айыл чарба муктаждыктары үчүн тазаланган, ошондуктан азыркы учурда бул аймактардын бир бөлүгүндө лантан жана псидиум бадалдары, ошондой эле сорго жана таруу чөптөрү басымдуулук кылат. Аралдардын жээк аймактарында баррингтония жана сцеволдор өсөт. Жанар тоолордун кратерлеринин аймагында чөптүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат, ал эми Хао жана Тафахи жанар тоолорунун чокуларында тумандуу тропикалык токойлор же нефелогилеялар орун алган[21]. Кең тропикалык токойлор туруктуу калк жашабаган жана жанар тоо аралдарында гана сакталып калган[22].

Жалпысынан Тонгада тамырлуу өсүмдүктөрдүн 770ке жакын түрү катталган. Аралдарда өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү айырмаланат. Мисалы, Тонгатапу аралында өсүмдүктөрдүн 340ка жакын түрү, ал эми Вавауда 107 түрү бар[22].

Өлкөнүн жаныбарлар дүйнөсү өтө аз түрлүү жана негизинен интродукцияланган түрлөрдөн турат. Архипелагда сойлоп жүрүүчүлөрдүн 12 түрү (бир түрү эндемикалык) жана жарганаттардын 2 түрү байырлашат, алар аралдардын жалгыз жергиликтүү сүт эмүүчүлөрү болуп саналат. Тонганын сууларында деңиз таш бакаларын, моллюскаларды, балыктардын түрлөрүн кездештирүүгө болот[21].

Архипелагда көптөгөн канаттуулар уялайт. Аралдар полинезиялыктар отурукташканга чейин, кыйла ар түрдүү болгон. Адамдардын келиши менен Тонгада канаттуулардын кеминде 23 түрү жок болгон[22]. Архипелагда жалпысынан канаттуулардын 73 түрү катталган, алардын эки түрү эндемикалык канаттуулар. Кээ бир аралдарда деңиз канаттуулары уялаган «канаттуулар базарлары» жайгашкан.

Тонга аймагында эки улуттук парк (Эуа аралында жана Вавау аралынынын Талау тоосунда) жана алты корук жайгашкан[23].

Административдик-аймактык түзүлүшү

Тонганын картасы

Аймактык жактан Тонга Падышалыгы беш административдик округдарга бөлүнөт: Вавау, Ниуас, Тонгатапу, Хаапай жана Эуа[24][25].

Округдар өз кезегинде райондорго жана айылдарга бөлүнөт[26]:

  • Вавау округунун курамына Неиафу, Леиматуа, Хахаке, Пангаимоту, Хихифо жана Моту атылышындагы 6 район кирет[27].
  • Ниуас округунун курамына Ниуатопутапу и Ниуафооу атылышындагы 2 район кирет[28].
  • Тонгатапу округунун курамына Колофооу, Коломотуа, Ваини, Татакамотонга, Лапаха, Нукунуку жана Коловаи атылышындагы 7 район кирет[29].
  • Хаапай округунун курамына Лифука, Фоа, Уиха, Лулунга, Кауваи-Хаано жана Муомуа атылышындагы 7 район кирет[30].
  • Эуа округунун курамына Эуа-Мотуа жана Эуа-Фооу атылышындагы 2 район кирет[31].
ОкругАнглисче аталышыАдминистративдик борборуЖалпы аянты,

км²

Калк жашаган аралдардын аянты,

км²

Калкы,[32]

адам (2016)

Жыштыгы,

адам/км²

1ВавауVava’uНеиафу19411913 738114
2НиуасNiuasХихифо7572123217
3ТонгатапуTongatapuНукуалофа26626174 611286
4ХаапайHa’apaiПангаи126110612556
5Эуа'EuaОхонуа8787494557
Жалпы748649100 651155

Саясий түзүлүшү

Мамлекеттик түзүлүшү

Тонга — тупоу династиясынын өкүлдөрүнүн арасында, бийлик атадан балага өтүүчү конституциялык монархия жана Океанияда орун алган жалгыз падышалык.

Өлкөнүн азыркы Конституциясын 1875-жылы 4-ноябрда падыша Жорж Тупоу I тарабынан сунушталган жана кабыл алынган. Конституциянын кабыл алынышы бул Падышалыктын мамлекеттик өнүгүүсүн, коомунуну модернизациялоосун, өлкөнүн ички туруктуулугун жана биримдигин камсыз кылууда маанилүү орунду ээлеген. Ушул Конституциянын негизинде, XIX кылым баю Тонга Падышалыгы көз карандысыздыгын сактап келген деп айтса да болот[33].

Тонганын Конституциясы 3 бөлүмдөн, 115 беренеден турат жана «катаал» конституциялардын катарына кирет, башкача айтканда, аны өзгөртүү үчүн бир катар мыйзамдык шарттарды сактоон талап кылынат. Өлкөнүн негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу Мыйзам чыгаруу Ассамблеясына берилген. Түзөтүүлөр ассамблеядагы үч окуудан өтүп, андан кийин падышага тапшырылышы керек. Эгерде Тонганын Жашыруун Кеңеши жана Министрлер кабинети конституциялык түзөтүүнү бир добуштан колдосо, анда ал падыша тарабынан бекитилиши керек. Падыша кол койгондон кийин, түзөтүү күчүнө кирет[34].

Учурда Тонгада этап-этабы менен саясий реформа жүрүп жатат. Ушул максатта 2008-жылы 5 адамдан турган конституциялык жана шайлоо комиссиясы түзүлгөн[35], анын негизги максаты Конституциянын беренелерин аткаруу, шайлоо органдарынын жана алардын ортосундагы өз ара мамилелердин принциптерин, ошондой эле Тонга шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болгон[36]. 2010-жылдын апрелинде комиссиянын сунуштарынын негизинде өлкөнүн парламенти шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизген. Мыйзам чыгаруу органында эл тарабынан шайланган өкүлдөрдүн саны көбөйгө (9дан 17ге чейин). Натыйжада Тонганын тарыхында биринчи жолу эл өкүлдөрүнүн саны пэр депутаттарынын санын ашкан[37], айрым шайлоо округдарынан шайланган депутаттардын саны да көбөйгөн: Тонгатапудан — он (мурун үч орун) жана Ваваудан — үч (мурун эки орун). Жаңы система боюнча биринчи парламенттик шайлоо 2010-жылдын ноябрында өткөн.

Падыша

Падышанын сарайы

Падыша мамлекет башчысы болуп саналат. Мураскерлик принциптери учурдагы Конституциянын 32-беренесинде бекитилген. Мураскер мыйзамдуу никеде төрөлүшү керек. Так (бийлик) падышанын тун уулуна өтөт, ал эми тун уулу каза болгон учурда анын мураскерлерине берилет. Эгерде падышанын тун уулунун балдары жок болсо, анда так (бийлик) экинчи уулуна же анын мураскерлерине өтөт. Бийлик ата тарабынан гана эркек уулдарына берилет. Эгерде падышалык тукумда эркектер жок болсо, так падышанын тун кызы жана анын мураскерлерине берилет. Эгерде падышанын мураскерлери калбаса, анда так Уильям Тунгинин урпактарына жана мыйзамдуу мураскерине өтөт.

Эгерде падышанын мыйзамдуу мураскорлору жок болсо, анда падыша өз алдынча (пэр депутаттарынын палатасынын макулдугу менен) өзүнүн мураскорун тирүү кезинде дайындай алат. Эгерде мындай чечимдер падыша тарабынан кабыл алынгабаган болсо, анда премьер-министр же министрлер кабинети, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын чакырууга милдеттүү жана пэрлер палатасынын жыйынында добуш берүү аркылуу уруу башчыларынын бирин падыша кылып тандап, жаңы падышалык династияны түзүшү керек[38].

Конституцияга ылайык, падышанын инсандыгы ыйык жана ал бардык уруу башчылардын жана бүткүл Тонга элинин башчысы. Ал өлкөнү башкарат, бирок жоопкерчиликти министрлер тартышат. Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы аркылуу өткөн бардык мыйзам долбоорлоруна күчүнө киргенге чейин падыша кол коюшу керек[39]. Падыша Тонганын кургактык жана аскер-деңиз күчтөрүнүн жогорку башчысы. Ал бардык офицерлерди дайындайт, аскердик даярдыкты жана көзөмөлдү жөнгө салат, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын макулдугу менен согуш жарыялоо укугуна ээ[40]. Падыша ырайым берүү укугуна ээ, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын өз чечими боюнча чакыра жана тарката алат[41], чет мамлекеттер менен келишимдерге кол коёт, башка мамлекеттердеги Тонга дипломатиялык өкүлдөрүн дайындайт[42], ардак наамдар менен сыйлайт[43]. Падыша мыйзам чыгаруу жыйынынын макулдугусуз бажы алымдарынынын наркын өзгөртө албайт[42].

Мыйзам чыгаруу бийлиги

Пэрлер өкүлдөрү менен эл өкүлдөрү бир палатада отурушу керек. Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы Жашыруун Кеңештин жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн, пэрлер палатасынын өкүлдөрүнөн жана өлкөдөгү эл өкүлдөрүнөн турат. Пэрлердин өкүлдөрү (Ассамблеядагы жалпы саны 9 адам) падышалык пэрлер тарабынан үч жылда бир шайланат. Эл өкүлдөрүн (жалпы саны 17 адам) калк үч жылда бир шайлайт. Шайлоо укугуна ээ болгон активдүү жарандар талапкер боло алышат. Ассамблеянын төрөгасын падыша дайындайт[44].

Тонганын Конституциясына ылайык, падыша жана Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы мыйзамдарды кабыл алуу укугуна ээ[45].

Аткаруу бийлиги

Тонганын премьер-министринин кеңсеси

Тонгада премьер-министр, тышкы иштер министри, жерди пайдалануу министри, тартип коргоо министри жана башка министрлерден турган Министрлер кабинети аткаруу бийлиги болуп саналат. Министирлер кабинентинин мүчөлөрүн падыша дайындайт.

Падыша Министрлер Кабинетинин макулдугу менен Хаапай жана Вавау округдарынын губернаторлорун дайындайт[46].

Падышанын астында Жашыруун Кеңеш иш алып барат жана монрахка анын бир катар функцияларын аткарууга көмөктөшөт. Ал министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн, губернаторлордон жана падыша дайындаган башка адамдардан турат. Падышанын жана Жашыруун Кеңештин буйруктарынын бири да буйрук үчүн жооптуу болгон тиешелүү министрлердин кол тамгасысыз күчүнө кирбейт[47].

Сот бийлиги

Тонганын сот системасы өз курамына Жашыруун Кеңешти (англ. Privy Council), апелляциялык сотту (Court of Appeal), Жогорку сотту (Supreme Court), магистрат сотторун (magistrates court) жана жер маселелери боюнча сотту (Land court) камтыйт[48].

Шайлоо округдары

Мыйзам чыгаруу Ассамблеясына талапкерлерди шайлоо үчүн өлкө 5 шайлоо округуна бөлүнөт[49]:

  • Тонгатапу
  • Хаапай
  • Вавау
  • Эуа
  • Ниуафооу-Ниуатопутапу

Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасы

Тонгадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы мыйзамдуу түрдө бекитилген эмес. Өлкөдө айылдарды башкарган айылдык кеңештер жок[50]. Бардык бийлик борбордук өкмөттүн колунда, анда жалпы коомду, айрыкча шаарларды жана айылдарды жөнгө салуу маселелери боюнча ар кандай эрежелер жана регламенттер иштелип чыгат. Башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн өлкө округдарга жана шаарларга бөлүнөт[51].

Саясий партиялар

Тонгада катталган саясий партиялар жок, бирок айрым саясий топтор жана бирикмелер «партия» деген сөздү колдонушат[52].

Куралдуу күчтөр

Тонганын аскерлери Иракта.

Тонганын коргонуу күчтөрү (англ. Tonga Defence Services) деп аталган туруктуу куралдуу күчтөр бар. Алардын негизги функциялары болуп Падышалыкты коргоо, жарандык бийликти колдоо, ага тартипти сактоого жардам берүү жана падыша тарабынан жүктөлгөн башка функциялар жана милдеттерди аткаруу болуп саналат[53].

Куралдуу күчтөр регулярдык армиядан (англ. Regular Force), аймактык армиядан (англ. Territorial Force) жана резервдик армиядан (англ. Reserve) турат[53].

Укук коргоо органдары

Тонгада полиция күчтөрү бар (англ. Tonga Police Force). 2000-жылга карата полиция кызматкерлеринин саны 420 адамды түзгөн. Штаб-квартирасы Нукуалофада жайгашкан жана курамында төмөнкү бөлүмдөр бар:

  • аймактык 4 полиция бөлүмү
  • окуу борбору
  • атайын топ

Полициянын негизги милдети мыйзамды жана тартипти сактоо, тынчтыкты сактоо, өмүрдү жана мүлктү коргоо, кылмыштардын алдын алуу жана аныктоо жана мыйзамдарда каралган башка функциялар[54].

Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер

Кыргызстан менен Тонга Падышачылыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында орнотулган[55].

Тонга Королдугу — БУУнун, Дүйнөлүк Соода Уюмунун, Тынч океан коомчулугунун катчылыгынын, Тынч океан аралдары форумунун, Африка мамлекеттеринин, Кариб деңизинин жана Тынч океанынын улуттар шериктештигинин жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Тонга менен дипломатиялык мамилелердин орноткон өлкөлөрдүн картасы

Калкы

Экономикасы

Маданияты

Социалдык тармагы

Булактар

Тышкы шилтемелер