Тимор
Тимор – Малайя архипелагынын Кичи Зонд аралындагы эң чоң арал. Аянты 34 миң км2дей. Батыш бөлүгүн Индонезия, түндүк-чыгышын Чыгыш Тимор мамлекети ээлейт. Тоолуу, бийиктиги 2950 мге жакын; баткак жанар тоолору бар. Климаты субэкватордук, муссондук. Абанын темпрасы жээктеринде жыл бою 25–27°С, жылдык жаан-чачыны 1500 м\ кургакчыл мезгили майдан ноябрга чейин. Тропиктик муссон токою жана бийик өскөн саванна мүнөздүү. Шалы, жүгөрү, кофе, кокос пальмасы өстүрүлөт. Негизги шаарлары: Купанг, Дили.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/f/f9/Timor_island2.jpg/220px-Timor_island2.jpg)
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган