Тибр
Тибр – Апеннин жарым аралындагы эң чоң дарыя. Италияда. Узундугу 405 км, алабынын аянты 16,5 миң км2. Апеннин тоолорунан башталып, Маррема түздүгүнөн агып өтөт да Тиррен деңизине куярда дельта пайда кылат. Жамгыр сууларынан куралат. Орточо чыгымы 260 м3/сек, кышында кирет, кээде ташкындайт. Негизинен сугатка пайдаланылат, төмөнкү агымында кеме жүрөт. Чыгыш жээгинде Рим шаары орун алган. Тибрдин алабында ГЭСтер жана байыркы замандан сакталып калган көпүрөлөрү (Фабриций, Ыйык Периште ж. б.) бар. Табигый «Тибр дарыясы» паркы уюштурулган. Экологиялык туризм өнүккөн.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/5f/StAngelo_Bridge_Rome.jpg/220px-StAngelo_Bridge_Rome.jpg)
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган