Теннесси (дарыя)
(«Теннесси» барагынан багытталды)
Теннесси – АКШнын чыгышындагы дарыя, Огайо дарыясынын (Миссисипинин алабы) сол куймасы. Аппалачи тоолорунун батыш капталынан агып түшкөн Холстон дарыясынын башынан 1470 км. Алабынын аянты 104 миң км2. Кыштын аяк ченинде жана жазында кирет. Орточо чыгымы 1800 м3/сек. Агымы суу сактагычтар (эң ириси – Кентукки) аркылуу жөнгө салынат. Анда ГЭС, ЖЭС, АЭСтер курулган. Канал жана шлюздар курулгандыктан, башынан аягына чейин кеме жүрөт. Боюнда Ноксвилл, Чаттангуа, Флоренс ж. б. шаарлар жайгашкан.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/1/1a/Tennessee_watershed.png/220px-Tennessee_watershed.png)
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган