Таблетка
Таблетка - фармацевтикалык заводдордо атайын автоматтар менен пресстелген күкүм.
Формасы тегерек, сүйрүрөөк, жалпак же эки жагы жалпак дөмпөйгөн пластина түрүндө болот. Таблетка ичүүгө ыңгайлуу келип, көпкө сакталат, жагымсыз даамы да көп билинбейт. Таблеткалар бүтүндөй жутулат, кээде гана майдалап ичилет. Кээ бир таблеткалардын (нитроглицерин, изадрин жана башка) составындагы заттар ооз көңдөйүнүн былжыр челинен жакшы сиңилет, ошондуктан аларды тилдин астына салып, түгөнгөнчө жутпай коюу зарыл.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган