Порнография
Порнография (гр. рorne – бузукчул жана grapho – жазам) – жыныстык катнашы артараптан ачык жана одоно сүрөттөлгөн, көркөмдүк же илимий баалуулугу жок чыгармалар, басылмалар, сүрөттөр, компьютердик программалар, тасмалар, көрмө жана үнжазуулар, теле жана радио берүүлөр. П. фактысы арбир жолу атайын көркөм эксперттик комиссиянын корутундусу боюнча аныкталат. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында: порнографиялык материалдарды жана буюмдарды мыйзамсыз даярдагандыгы (таркатуу жана жарнамалоо максатында); порнографиялык материалдарды жана буюмдарды таркаткандыгы, жарнамалагандыгы; порнографиялык мүнөздөгү басылмаларды, кино жана көрмө материалдарды, сүрөттөрдү жана башка буюмдарды мыйзамсыз саткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.
Колдонулган адабияттар
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган