Оттук таш
Оттук таш, чакмак таш — кварц менен халцедондон турган минералдык түзүлүш. Жаратылышта конкреция, желвак, кабатча түрүндө акиташ тегинин арасында кеңири тараган. Катуулугу 7. Өңү боз, жашыл, ак ж. б. Пайда болушу боюнча оттук таш седиментациялык (биогендүү жа хемогендүү), катмар арасында, седиментациялык эмес түрлөргө бөлүнүп, чөгүндүлөрдүн диагенез, тоо тектердин катагенез жана үбөлөнүү учурунда пайда болот. Оттук таш сындырганда курч миздүү кыр калтыргандыктан, байыртан эле адамдар андан ар түрдүү курал жасашкан да, оттук катары пайдаланышкан. Учурда кислоталарга туруштук берген идиштерди жасоодо, курулушта (таштарды майдалоо, жасалгалоо) ж. б. тармактарда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган