Нукус

НукусӨзбекстандагы шаар (1932-жылдан). Каракалпак Республикасынын административдик борбору (1939-жылдан). Аму-Дарыянын оң өйүзүндө, төмөнкү агымында жайгашкан. Калкы 312,1 миң (2018)[1]. Темир жол бекети. Химиялык комбинаты, металл иштетүү, курулуш материал, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токулат, ганчка сүрөт тартуу) өнүккөн. Өзбекстан ИАнын филиалы, университет, педагогикалык институт, китепкана, 2 театр (музыка, комедия жана жаштар), И. В. Савицкий атындагы искусство, тарыхый край таануу музейлери бар.

шаар
Нукус
Файл:Nukus, Parliament building .JPG
Нукус, парламенттин имараты
Герб
Герб
ӨлкөӨзбекстан
Координаттар42°27′53″ с. ш. 59°36′08″ в. д.HGЯO
ХокимУтемурат Панаев
Тарыхы жана Географиясы
Аянты221 км²
Убакыт аралыгыUTC+5
Калкы
Калкы335491 адамды (1-апрель 2023-жыл)
Улуттук курамыкаракалпактар, өзбектер, казактар, орустар, татарлар, түркмөндөр ж.б.
Диний курамымусулман, христиан
ЭтнохоронимНукустук, Нукустуктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+99861 22
Почта индекси230100
Почта индекстери230100
Расмий сайтыhttp://nukus.uz
Нукус (Өзбекстан)

Колдонулган адабияттар