Нерон
Нерон Клавдий Цезарь (37–68, Рим) – рим императору (54-жылдан). Юлий Клавдий династиясынан. Адегенде сенат мененмакулдашып башкарып, кийин куугунтуктоо жанаконфискациялоо саясатына өткөн. Бул сенат ак сөөктөрүнүн гана эмес, башка катмарлардын да каршылыгын пайда кылган. Нерон бийлик үчүн эң жакын адамдарын (энесин да) жана белгилүү инсандарды (Сенека, акын Лукан, жазуучу Петроний жана башка) курмандыкка чалган. 68-жылы Гальба провинцияларынын акимдери ага каршы көтөрүлгөндө Н. Римден качып чыгып, жолдо өзүн-өзү өлтүргөн.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган