Микротолкун меши
Микротолкун меши, кыска толкундуу меш – электр-магниттик нурлануу энергиясы менен иштөөчү жылыткыч түзүлүш. Анда тамак-аш өтө тез ысыйт жана бышат. Микротолкун мешинде ар кандай узундуктагы (миллиметрдик, сантиметрдик жана дециметрдик) диапазондуу радиотолкундар же өтө жогорку жыштыктагы электр-магнит талаасы пайдаланылат. Тамак-аш толук жылытылбай калганда бактериялар тирүү калып, уулануу коркунучу болот. Ошондой эле өнөр жай микротолкун меши да бар. Анда дан ысытылып, курт-кумурскалардан арылтылат, ошондой эле жыгач кургатууда да пайдаланылат.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/85/Consumer_Reports_-_Kenmore_microwave_oven.tif/lossy-page1-220px-Consumer_Reports_-_Kenmore_microwave_oven.tif.jpg)
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978-9967-14-111-7
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган