Крабдар
Крабдар, Сааулар (Brachyura, L. 1758) – он буттуу рактар түркүмүндөгү деңиз жандыктары. Денеси таш баканыкындай тегерек, сырты катуу. Башы кичине, катуу кабыкка кирип турат. Биринчи жуп буту менен жылып жүрөт. Буттарында кыпчуурлары бар. Кыска курсагы симметриялуу келип, жаак көкүрөгүнүн алдында ийилип турат. Эркегинин курсак буттары (1 – 2 жуп) копуляция органына айланган, ургаачысыныкы 4 жуп. Жумуртка алып жүрүү кызматын аткарат. Алардын 4 миңден ашык түрү белгилүү, көбүнчө тропик деңиздеринде, дарыяларында, тузсуз сууларында жана кургакта кездешет. Омурткасыз жандыктардын калдыктары – тарптары менен азыктанат. Метаморфоза жолу менен өөрчүйт. Кээ бир түрү түсүн өзгөртүүгө жөндөмдүү. Крабдар тамак катары колдонулат.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/71/Cancer_pagurus.jpg/220px-Cancer_pagurus.jpg)
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган