Коэффициент
Коэффициент [латынча со (cum) — биргелешип жана efficiens — иштеп чыгаруу] — белгисиз же өзгөрмө чоңдуктарды камтыган тамгалуу туюнтманын белгилүү туруктуу көбөйтүүчү саны.Мисалы, 4 а b бир мүчөдө Коэффициент ; х +3px+q =0 теңдемесинде х2тын Коэффициенти 1; хтин Коэффициенти 3p ; айлананын узундугу табуу формуласы С=2ргде Коэффициент 2 болот. Формулалардагы көпчүлүк Коэффициенттер физикалык закондорду туюндуруучу өзгөчө аталышка ээ: мисалы, сүрүлүү Коэффициенти, беттик тартылуу Коэффициенти ж. б. Ал эми математикада: бир мүчөнүн Коэффициенти, бурчтук Коэффициент, окшоштук Коэффициент, бином Коэффициенти, пропорциялаштык Коэффициенти ж. б.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган