Каниметов Жанкороз

Каниметов Жанкороз (30. 3. 1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу Түп району, Токтоян айылы) — педагог, мамлекеттик ишмер, педагогика илимдеринин доктору (2010). КРдин II класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2000). Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги (1979). СССР Билим берүүсүнүн отличниги (1987), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1995). КР Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты (1995—2000—05; 2007—10). КРдин «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамынын (2000), «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2003), «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамынын (2009) автору. Москвадагы Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын академиги (МАНПО, 2009). Каракол (мурдагы Пржевальск) мамлекеттик педагогикалык институтун (1971), Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (1999) бүтүргөн. Түп районундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинин (1971—79), Арал орто мектебинин (1979—84), Кайкин атындагы орто мектебинин директору (1984—87), Ак-Суу райОНОсунда Элге билим берүү башкармалыгынын башчысы (1987— 88), Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинде бөлүм башчы (1988—91), Ысык-Көл обл. билим берүү башкармалыгынын башчысы (1991—97), Кыргызстандын Билим берүү кызматкерлеринин конгрессинин президенти (2004-жылдан), КР Билим берүү жана илим министринин орун басары (2007), «Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы (2001—10), КР Жогорку Кеңешинин парламенттик кыргыз-түрк кызматташтык тобунун жетекчиси (2007—10) болгон. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин проф. (2010-жылдан), КРдин «Даңк» медалы менен сыйланган (1999). Эмгек: О молодёжи и молодёжной политике КР. Б., 1999; Основные направления демократизации образования в КР. Б., 2004; Государственнообщественное управление образования в КР. Б., 2005.

Колдонулган адабияттар