Каз пияз
Каз пияз (лат. Gagea) – лилия гүлдүүлөр тукумундагы уруу.
Бийиктиги 5- 20 (30) см болгон, пияз түптүү көп жылдык чөп.Гүл коргону сары, жашылыраак, кээде агыш, 6 жалбыракчадан турат. Евразиянын мелүүн зоналарында 100дөй түрү кездешет.
Азияда Каз пияздын 90дон ашык түрү бар, көбүнчө Кавказ жана Орто Азияда таралган. Кыргызстанда 20 түрү өсөт. Алардын ичинен жиптей, оюкчалуу, назик, Хомутов Каз пиязы кеңири таралган. Жайыттарда анын көп түрүн мал жейт.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган