Кабылан
Кабылан, леопард (лат. Felis pardus, Panthera pardus L. 1758) – мышыктар тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 170 смге, куйругу 103 смге, эркегинин салмагы 110 кгга жетет, ургаачысы кичирээк. Денеси булчуңдуу, буттары кыска, жүнү жыш, сары же сары кызыл түстө, кара тактары бар. Африкада, Кавказда, Түштүк Азияда, Түркмөнстандын тоолорунда, Тажикстандын түштүгүндө, Уссури крайында жолугат. Чытырман токойлордо жана түздүктө, суу жээктеринде, калың өсүмдүктөрдүн арасында жашайт. Бугу, тоо эчки ж. б. туяктуулар менен азыктанат. Айрым учурда үй жаныбарларына (кой, жылкы, ит), ошондой эле куштарга да кол салат. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/07/Leopard_in_Bokaro-002.jpg/220px-Leopard_in_Bokaro-002.jpg)
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган