Инжиниринг

Инжиниринг (лат. ingenium – ойлоп табуучулук, оюнан чыгаруу; билим) – өнөржай объектилерин, инфратүзүмдөрдү ж. б. түзүү маселелерин иштеп чыгуу, баарыдан мурда коммерциялык негизде долбоорлоо алдындагы даярдык иштери, долбоорлоо, долбоорлоодон кийинки иштер боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле чыгарылган продукцияларды сатып өткөрүү, башкаруу жана пайдалануу боюнча сунуштама кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишмердик.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7