Жаңы Орлеан
Жаңы Орлеан – АКШнын түштүгүндөгү порт шаар (жылына 100 млн тдан ашык жүк ташылат). Луизиана штатында. Калкы 484 миң (1994, шаар айланасы менен 1,3 млн). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү финансы жана соода борбору. Нефть ажыратуу, химилык, тамак-аш, машина куруу, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, музейлер (анын ичинде искусство, Луизиана штатынын) бар.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a3/New_Orleans_header_collage.png/220px-New_Orleans_header_collage.png)
Шаар 1718-ж. француздар тарабынан негизделген. 1764–1800-ж. Испаниянын ээлиги. 1800-ж. фрацуздар басып алып, АКШга саткан. 18-кылымдын курулуштары («француз кварталдары») сакталган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган