Жаш бези

Жаш бези (glandula lacrimalis) - көпчүлүк кургакта жашоочу омурткалууларда (сойлоп жүрүүчүлөр, сүт эмүүчүлөрдө) өөрчүгөн. Ж. б-нин секрети көздү нымдап, кургап калгандан сактайт. Ж. б. көз чарасынын сырткы кычыгында жайгашкан, ал жашты бөлүп чыгарат. Суудагы сүт эмүүчүлөрдө - айнек челди суудан сакташ үчүн май секретин бөлүп чыгарат.

a=Жаш бези.

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4