Гүлкайырлар
Гүлкайырлар (Malvaceae) — өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a5/Wilde_Malve_am_Donaudamm.jpg/220px-Wilde_Malve_am_Donaudamm.jpg)
Алар чөп, бадал, кээси майда дарак сымал болот. Жөнөкөй жалбырагы сабакта кезектешип жайгашкан, жан жалбыракчалуу. Гүлдөрү ири, туура түзүлүштүү, эки жыныстуу, жеке же топ гүлдүү. Гул коргону беш мүчөлүү. Мөнөсү—кутуча, ал майда жаңгакча бир нече мөмөгө бөлүнөт.
Гүлкайырлар тукумунун 90го жакын уруусунун 1600 түрү тропиктө жана субтропикте таралган.
Кыргызстанда
Кыргызстанда 7 уруута кирген 26 түрү бар. Гүлкайырлардын айрымдарынан буда, дары-дармек алынат, кээ бир турлөрү кооздук учүн гүлзарларда өстүртөт.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган