Гладиаторлор
Гладиаторлор (латынча gladiator, gladius – кылыч деген сөздөн) – Байыркы Римдеги амфитеатрлардын ареналарында жекеме-жеке же жырткычтар менен куралчан кармашуу үчүн атайын машыктырылган кулдар, согуш туткундары, кылмышкерлер ж. б. адамдар. Гладиаторлор катаал режимдеги мектептерде машыктырылган (мисалы, биздин заманга чейинки 74–71-жылдардагы кулдар көтөрүлүшүнүн башчысы Спартак машыккан Римдеги, Капуадагы мектептер). Гладиаторлордун кармашуулары карапайым калктын (плебс) «нан жана оюн-зоокко» болгон таламдарын канааттандыруу үчүн атайын өткөрүлүп турган. Мындай оюн-зооктор 5-кылымдын башынан тартып токтотулган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган