Виньетка

Виньетка (французча  vignette) – китеп графикасында – декоративдик максаттагы анча чоң эмес композиция (орнаменттик же көркөм). Көп учурда В-ны китептик (заставка) тексттеги бир бөлүм башталганда же аяктаганда (концовка) пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004