Вадуц

ВадуцЛихтенштейн княздыгынын борбор шаары. Рейн дарыясынын өрөөнүндө. Калкы 5,3 млн (2006). Алгач 1150-жылдан эскерилет. 1342-жылдан Вадуц княздыгынын борбору жана мезгил-мезгили менен графтыктын резиденциясы болгон. 1592-жылдан ярмарка өткөрүлөт. 1719-жылдан Лихтенштейн княздыгынын борбору. 1997-жылдан архиепископтун резиденциясы. 19-20-кылымдын курулуштары басымдуу. Сепил, «Лёвен» конок сарайы (1380), жаңы готика стилиндеги кафедралуу Ыйык Флорина собору, жаңы барокко стилиндеги өкмөт үйү, ратуша, музейлер бар. Текстиль, фармацевтика, так механика жана микроэлектроника буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. Туризм өнүккөн.

Отурукташкан жай
Вадуц
ЖелекГерб
ЖелекГерб
ӨлкөЛихтенштейн
Координаттар47°08′23″ с. ш. 9°31′19″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнүXIII кылым
Аянты17,316 км²
Убакыт аралыгыUTC+1
Калкы
Калкы5 229 адам (2013)
Жыштыгы301,98 адам/км²
Сандык идентификаторлор
Вадуц (Жер)

Колдонулган адабияттар