Быдгощ
Быдгощ – Польша Республикасындагы шаар. Висла дарыясындагы порт. Куявск-Поморский воеводствосунун (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Калкы 364,3 миң (2006). Ири жолдор тоому. Висла дарыясынын сол жээгиндеги деңиз порту. Аэропорту бар. Машина куруу, химиялык, тамак-аш, жеңил өнөр жайлары бар. 15–16-кылымдарда курулган үйлөр жана чиркөө сакталган. 1346-ж. негизделген. Быдгощ өлкөнүн илимий жана маданий борбору. Университет, академиялар (медициналык, технологиялык, айыл чарба, музыкалык), илимий коомдор, калк китепканасы, музейлер, театрлар, филармония иштейт. Эл аралык фестивалдар (музыкалык, опера жана башка) өткөрүлүп турат.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
🔥 Top keywords: Template:AdvancedSiteNotices/ajaxБашкы баракЖыл сүрүү жадыбалыКыргыз аттарыАтайын:SearchКош бойлуулукАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичКурман АйтКыргызстандын темир кендериКыргызстандын чек араларыМухаммед пайгамбарКыргыз урууларыЭкинчи дүйнөлүк согушКыргызстанЫсык-КөлКыргызстандын географиясыКабилдерТоктогул СатылгановСынган кылычАлыкул ОсмоновОозул (стоматит)Аалы ТокомбаевҮнсүз тыбыштарАйлардын кыргызча аталышыПсихологияКыргыз тилинин жазуу эрежелериКыргызстандын туусуФонетикаБөйрөк оорусуИч өткөкЭмчектеги балаТөрөтКыргыз автономиялуу облусуИчтин катуу кармоочу оорусуКыргыз тилиТоголок МолдоКокон хандыгыТоктоболот АбдумомуновБарсбек каган