Братислава

БратиславаСловакиянын борбор шаары. Дунай дарыясындагы порточо Калкы 442,5 миң (2006). Өлкөнүн ири экономикалык борбору; жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Химиялык жана нефть-химиялык өнөр жай борбору. Машина куруу, тамак-аш-татымал, текстиль, тигүү, полиграфиялык өнөр жайы, университет, Словакия Илимдер академиясы, Словак улуттук галереясы иштейт. Азыркы Братиславанын аймагын байыркы кельт уруулары мекендешкендиги археол. казуулардан белгилүү. Биздин заманга чейинки 5-кылымда Братиславага славян уруулары отурукташа баштайт. 10-кылымда Братислава Пожонь деген ат менен Венгрия королдугунун курамына кирет. 13-кылымда Братиславаны немистер колониялап алып, Пресбург аталат. Түрктөр Буданы басып алгандан кийин (1541), Б. Венгрия королдугунун борбору, венгр королдору менен архиепископторунун резиденциясы (1784-ж. чейин). 1919-ж. 1-январынан Словакиянын башкы шаары. 1969–90-ж. Словакия Социалисттик Республиканын, 1990–92-жылдан Словакия Республиканын борбору. Град сепили (9–18-к.), шаар чептеринин калдыктары (13–18-кылым), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Мартин, 13–19-кылым), барокко жана классицизм стилиндеги сарайлар сакталган. Эл аралык фестивалдар (театр, кино, заманбап бийи) өткөрүлүп турат.

Отурукташкан жай
Братислава
ЖелекГерб
ЖелекГерб
ӨлкөСловакия
КрайБратислава
Координаттар48°08′41″ с. ш. 17°06′46″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген907
Мурунку аталышыПожонь, Пресбург, Прешпорок
Аянты368 км²
Борборунун бийиктиги140 м
Убакыт аралыгыUTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 462 603 адам (2012)
Жыштыгы1171 адам/км²
Улуттук курамысловактар (91,4%), венгрлер (3,8%), чехтер (1,9%), немистер (0,3%), поляктар, украиндер
Диний курамыкатоликтер 56,7%, атеисттер 29,3%, лютеране 6 %, башкалар 4,7 %
Этнохоронимбратиславалык, братиславалыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+421 02
Почта индекстери8XX XX
Автоунаа кодуBA,BL
Расмий сайтыhttp://www.bratislava.sk/
 (слов.)  (англ.)  (нем.)
Братислава (Жер)

Колдонулган адабияттар