Барристер

Барристер (англ. barrister, bar – сот залынын ары жагында соттор отуруучу тосмо дегенден) – адвокат, Улуу Британияда адвокаттык кесиптердин биринин өкүлү. Солиситордон айырмасы – баардык сот иштеринде сүйлөөгө укуктуу; кыйла татаал юридикалык маселелер боюнча жыйынтык берет.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7