Ба́рба (эл)

Ба́рба (берба, бариба, баргу, боргава, богунг) — Бениндин түндүгүндө жашаган эл. Ошондой эле Нигериянын түндүк-батышында жана Тогонун түндүк-чыгышында бар.
Жалпы саны 600 миңге жакын адам. Анын ичинде Бенинде 495 миң адам (2005), Нигерияда — 62 миң, Тогодо — 14 миң.

Ба́рба

Барба улутундагы аял
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 600 миң адам
 Бенин— 495 миң (2005)
 Нигерия— 62 миң
 Того— 14 миң

Тили

бариба (баргу)

Дини

Жергиликтүү салттуу ишенимдери,
Ислам (сүннөттөр),
Христианчылык (протестанттар)

Расалык тиби

негроид

Тил

Бариба (баргу) тили Нигер-конго макроүй-бүлөсүнүн гур уясына кирет.

Дин

Жергиликтүү салтту ишенимдер сакталып келетат. Ата-бабалар культуна сыйынышат. Калктын бир бөлүгү мусулмандар (сүннөттөр) жана христиандар (протестанттар).

Коом

Уруулук бөлүнүү сакталып калган. Салттуу коомдук уюмдун негизин көп балалуу үй-бүлөлөрдөн турган айылдык жамааттар түзөт. Нике вирилокалдык. Полигиния, сорорат, левират салттары практикада калды. Өтүү каадасы бар.

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиби — кол менен иштетилген тропикалыккоторуштуру чарбасы (күрүч, жүгөрү, жержаңгак, фонио ж.б.). Талаалар айылдардын айланасында жайгашкан.
Мал кармашат. Малды кайрак жерлерде же орулган талааларда жайышат.

Кол өнөрчүлүк

Көркөм кол өнөрчүлүк — жыгачтан оюу, керамика, токуу, килем токуу.

Турак жай

Түштүктө токой зонасында турак жай планы боюнча тегерек, чатыры конус сымал саман, түндүгүндө — төрт бурчтуу.
Бутактарынан жана ичке дарак сөңгөктөрүнөн жасалган үйдүн дубалдары чопо менен шыбалат.

Тамак-аш

Негизги азыгы — өсүмдүк тамак (ботко, кайнак) жана эт.

Тарых

14-15-кылымдарда барба уруулары Боргу алгачкы саясий бирикме түзүп, 15-кылымдын аягында Бариба деп аталган буса башчылыгы менен бириккен. Башкаруучулардын татаал иерархиясы болгон.1690-1783-жылдары Ойонун вассалы, 1898-жылдан Франциянын Дагомеясынын жана Британиянын Нигер жээгиндеги протекторатынын курамында.

Булактар