Актин

Актин – булчуң булаларынын белогу, молекулалык массасы 42000 дальтон. Глобула жана фибрилла формасында кездешет, глобула формадан АТФ жана Мg2+ болгондо полимеризациялоо аркылуу фибрилдуу А. пайда болот. А. миозин белогу менен биригип, актомиозинди - булчундардын негизги жыйрылуу белогун түзөт. Актомиозин омурткалуу жана омурткасыз жаныбарларда болот.

Колдонулган адабияттар

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4