Ак Молдо облусу - Казакстан Республикасынын түндүгүндө. 1939-ж. уюшулган. Аянты 121,7 миң км2. Калкы 602,2 миң (1997). Облуста 14 адм. район, 8 шаар, 12 шаарча бар. Борбору - Астана шаары. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Казак Сараркасынын (бийиктиги 899 мге чейин) түндүк-батышы ээлейт. Экономикасынын негизин дан чарбасы (негизинен буудай) жана эт-сүт багытындагы мал чарбасы түзөт. Айыл чарбасынын маанилүү тармагы - кайрак дан эгин эгүү дыйканчылыгы. Кой, эчки, уй, жылкы асыралат. Балык кармалат. Энергетикасы Караганды жана Экибастуз көмүр бассейндерине негизделип, 2 ЖЭС (жылуулук электр станциясы) иштейт. Кара металлургия, тоокен, химия, машина куруу, тамак-аш, жеңил, курулуш материалдары, фарфор-фаянс, карапа өнөр жай тармактары бар. Негизги өнөр жай борборлору: Астана, Макинск, Атбасар, Алексеевка.
Отурукташкан жай Ак Молдо облусу Герб | ![Герб](//upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/3/35/Coat_of_Arms_of_Aqmola_Province_%28new%29.png) |
|
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1