Айнек шып
- Макала
- Талкуу
Айнек шып - көзгө көрүнбөгөн тоскоолдукту көрсөтүү үчүн колдонулган метафора, демографиялык (адатта азчылык топтору) иерархиядагы белгилүү деңгээлден көтөрүлүүгө жол бербейт[2], аялдардын карьералык өсүшүнө олуттуу тоскоолдук көрсөтөт. Изилдөөлөр бирдей мүмкүнчүлүктөр шартында аялдар дагы деле жогорку жетекчилик кызматтарга аз дайындаларын көрсөтүүдө. Конкреттүү көзгө көрүнөрлүк барьердин жоктугунан улам тоскоолдукту реалдуу баалоо жана аны айланып өтүүгө кыйын.
Айнек шып - бул аялдар жогорку позицияларды көрө алган[3], бирок аларга жетүү үчүн көзгө көрүнбөгөн тоскоолдуктарды сүрөттөө үчүн колдонулат[3]. Бул көзгө көрүнбөгөн жана формалдуу түрдө эч кандай аныкталбаган, аялдардын профессионалдык сапаттарынан көз карандысыз себептерден улам кесиптик тепкичтен жогорулоосун чектеген тоскоолдукту билдирет. Айнек шып - көбүнчө карьералык, бирок ошондой эле социалдык тепкичтен көтөрүлүүсүнө дагы тоскоолдуктарды сүрөттөшү мүмкүн. Кийин бул термин башка социалдык топторго жана азчылыктарга (улуттук азчылыктарга, сексуалдык азчылыктарга ж.б.) карата да жайылтылды. Бул тоскоолдуктар көп сандагы аялдардын жана этникалык азчылыктардын эң престиждүү жана эң кирешелүү жумуш орундарына ээ болушуна тоскоолдук кылат. Терминди ойлоп тапкан Мэрилин Лоден[4] мындай тоскоолдуктарды “айнек шыпка” салыштырган. Бул тоскоолдуктар жазылбаган эрежелер, каада-салт, жүрүм-турум нормалары, аялдардын жана эркектердин ролу тууралуу эски жана терең тамыры бар элестетүү болушу мүмкүн.
Айнек шыптын пайда болушунун негизги себеби туруктуу гендердик стереотиптер болуп саналат. Алар кылымдар бою патриархалдык коомдо жашап келишкен дагы дүйнө кескин өзгөргөндө, анын артынан өзгөрүүгө жете алышпай калган. Америкалык Gallup, Inc.[en] 2001-жылы жүргүзгөн сурамжылоодо респонденттердин көбү аялдарды эмоционалдуу, көп сүйлөгөн жана сабырдуу, ал эми эркектерди күчтүү жана кайраттуу көргөнүн белгилешти[5]. Көп учурда ар кандай компаниялардын топ-менеджерлери кызматкерлердин кайсынысы көтөрүлүүгө татыктуу экенин бул гендердик стереотиптердин негизинде чечишет.
Экинчи себеп - бул салттуу түрдө аялдарга жана эркектерге бөлүштүрүлгөн социалдык ролдор. Балдарга, оорулууларга же улгайган туугандарына кам көрүү негизинен, аялдардын түйшүгү. Ушул себептен улам, аялдар көбүнчө карьерада тыныгуу алууга жана толук эмес иштөөгө аргасыз болушат[6]. Үй жумуштары мойнуна жүктөлгөндүктөн, алар ашыкча жумуштан жана окуу же иш сапарлардан баш тартууга аргасыз болушат. Бул дагы профессионалдык өсүүсүнө таасир тийгизет.
Айрым учурларда аялдар өзүлөрү жогорку кызматтарга талапкерлигин коюудан баш тартышат. Анткени үй-бүлөдө аял күйөөсүнөн көп акча тапса болбойт деген стереотиптер дагы бар. Ошондой эле аялы көп акча тапкан жагдайлар ажырашууга алып келет деген изилдөөлөр дагы бар[7].