Азан

Аза́н (арабча: أَذَان) — Исламда намазга болгон чакырык. Азан айткан киши — муэдзин (азанчы) деп аталат. Азанды адатта бийик жерден, секичеден, мечиттин мунарасынан, намаз маалы киргенде айтылат. Азан айтуу учурунда азанчынын колдору (бармактары) кулагынын ылдыйкы учуна тийип, жүзү кыбыланы карап турушу керек. Азан айтылып бүткөн соң дуба окулат. Азан айтылгандан бир аздан кийин парз намазынын алдында коомат айтылат.
Жаңы төрөлгөн балдарга да Азан чакырып, баланын оң кулагына атын шыбырап ат коюлган.



Азандын тексти "Атамерек Мечити"

СаныАрабча текстиТранскрипцияКыргызча мааниси
2 жолуالله أكبر الله أكبرАлла́hу А́кбару-Лла́hу А́кбарАллах Улук, Аллах Улук
2 жолуأشهد أن لا اله إلا اللهАшhаду ал-ля́ Иля́hа илля-Лла́hАллахтан башка Кудай жок экендигине күбөлүк берем
2 жолуأشهد أن محمدا رسول اللهАшhаду анна Мух̣аммадарРасу́лю-Лла́hМухаммед Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк берем
2 жолу"ar" dir="rtl"|حي على الصلاةХайя ‘аля с̣-с̣оля́hНамазга шашылгыла
2 жолуحي على الفلاحХайя ‘аля ль-фаля́хКутулууга шашылгыла
2 жолу الصلاة خير من النومАс̣-с̣аля́ту х̮айру мина-н-наўмНамаз уйкудан таттуу
1 жолуالله أكبر الله أكبرАлла́hу А́кбару-Лла́hу А́кбарАлла́х Улук, Алла́х Улук
1 жолуلا إله إلا اللهЛя́ Иля́hа илля-Лла́hАллахтан башка кудай жок


Азан айтылышынын тартиптери

  • Азанчы дааратын алып, кыбылага карап,тике турган абалда бармактарын кулактын ичине төшөп,азан чакыруу керек.Азандын ар бир сөзүн ачык, даана созуп айтуу керек.

Азандагы Хайя ‘аля с̣-с̣аля́хдегенди оң тарапка карап айтып,Хайя ‘аля ль-фаля́х-дегенди сол тарапка карап айтуу керек..

  • Азан чакырылганын уккан учурда көчөдө басып бараткан адам токтоп,бир жерге отура калып,азанды аягына дейре угуусу керек. Айтылып буткөндөн кийин Азан дубасын окуп,бата кылып,ордундан туруп кетет.
  • Азанчы Хайя ‘аля с̣-с̣аля́х-дегенде угуп жаткан киши ВАЛАА ХАВЛА ВА ЛАА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛААХИЛ АЛИЙ ЙИЛ АЗИМ -деп айтуу керек..
  • Азанчы Хайя ‘аля ль-фаля́хдегенде угуп жатакандар МАШАА АЛЛАХУУ КАНА ВА МАЛАМ Я ШАЪЛАМ ЙАКУН-деп айтуу керек..
  • Эскертуу:эртең мененки "Багымдат"намазы алдында азанга бир соз кошулуп айтылат.Ал мындайча Хайя ‘аля ль-фаля́х-деп айткандан кийин:АССАЛАТУ ХАЙРУМ МИНАН НАВМ

-деп кошуп айтуу керек.(намаз уйкудан абзел деген маааниде)..


Биринчи азан

Эң биринчи азанды Мухаммед пайгамбардын убагында Медина шаарында Билял ибн Рабах аттуу сахаба айткан. Билял эң биринчи азанчы болуп саналат.

Азан дубасы

Аллохумма робба хаазихи даватит-тааммах Вассолаатил-каиммах ати.Мухаммаданил-васийлата вал фазийлах ва басху макоомам махмууданиллазий ва адтах,ва рузук на шафа-атаху явмал кыйаамах,иннака ла тухлифулмий ад! - деп бата кылып,азан чакырууну аяктайт.

Колдонулган адабият

"Ислам таалимдери" "Маснун дубалар"

Шилтемелер

  • Ислам. KG Archived 2012-01-13 at the Wayback Machine - Исламский Информационный Портал - Кыргыз жана Орус тилдеринде
  • http://www.islam.kg/forum Archived 2012-01-26 at the Wayback Machine Исламский Форум для всех