Евразияда төмөнкү Дунай өрөөнүнөн чыгышты көздөй жогорку Обдун өрөөнүнө чейин. Түндүккө карай Полтава областына жана Воронеж областынын түштүк бөлүгүнө чейин, Волга жана Урал дарыяларынын ортосу 55-параллелге чейин, Костанай районуна, Чаны көлүнө, Каменң-на-Обиге чейин. Түштүк тараптан Кара деңиздин түндүк жээгине, Чоң Кавказдын түндүк тоо этектерине, Устюрттун түндүгүнө, Арал деңизи жакта 45- параллелге чейин, Сырдарыя өрөөнү боюнча жогору карай Казалинскке, Тургайдын төмөн жагына чейин, Сарысу жана Зайсан ойдуңдары. Учуп өтүүдө Казакстандын бардык жеринде кездешет . Кыргыз Республикасында учуп өтүүдө өрөөндүү жерлерде учурайт .
Жашоого ыңгайлуу аймактарга тийгизген антропогендик таасир: жер иштетүү, мал жаюу, атып өлтүрүү. Жакалуу ачачулдук менен конкуренттүү карым-катнашта турушу мүмкүн.
Кичи заказниктерди түзүү аркылуу эс алуу жана уялоо жерлерине адамдын иш-аракетинин тийгизген таасирин чектөө. Мындай аймактарды жана караканаттуу ачачулдуктун республикада болуу мүнөзүн аныктоо.